Сибига социалдык тармактагы билдирүүсүндө Украинада акыркы күндөрү болуп жаткан катуу аба чабуулдарына токтолуп: «Украина Россиянын жаңы террордук толкунуна жооп катары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды», — деп билдирди.
Анын айтымында, Россиянын армиясы 7-октябрда Прилуки шаарына сокку уруп, кечээ Краматорск шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобусту бутага алган. Сибига Киевде да чабуулдар болгонун белгилеп, акыркы күндөрү 78 адам каза болуп, 215 адам жаракат алганын маалымдады.
«Согуш талаасында эч кандай натыйжага жете албаган согуш кылмышкери Путин Украина жарандарына каршы террорду күчөтүп жатат», — деди Сибига.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүн «мыйзамсыз» деп мүнөздөгөн Сибига эл аралык коомчулукту БУУнун Уставынын принциптерин карманууга жана Россиянын аракеттерине конкреттүү, тийиштүү жооп кайтарууга чакырды.


















