Европа-Жер Ортолук деңизинин сейсмологиялык борбору (EMSC) Ооганстандын Гиндукуш аймагындагы күчтүү жер титирөө борбор калаа Кабулда, ошондой эле коңшу Пакистанда жана Индия башкарган Кашмирде сезилгенин жарыялады.
Пакистандын түндүгүндөгү Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Сваттын тургундары ишемби күнү болгон жер титирөөдөн кийин адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүнөн качып кетишкенин айтышты.
Пакистандын метеорологиялык департаменти жер титирөөнүн эпицентри Ооганстандын Гиндукуш аймагында болгонун билдирди.
Жер титирөө Пакистандын борбору Исламабадда, ошондой эле Ооганстан менен чектеш чыгыш Пенжаб жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында жана Пакистан башкарган Кашмирде сезилди.
Баштапкы маалыматтарда курмандыктар жана жаракат алгандар жок экени айтылууда.
Сваттын тургуну: "Бул жердеги жер титирөө абдан күчтүү болуп, бир топ убакытка созулду. Адамдар үйлөрүнөн чыгышты; аялдар менен балдардын дүрбөлөңгө түшүп ыйлап жатканы көрүндү", - деди.
EMSC жер титирөөнүн күчү 6 баллга, ал эми тереңдиги 100 километрге жеткенин билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6,1 балл деп баалады.
Европа-Жер Ортолук деңизинин сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, ишемби күнү эртең менен Пакистанда 5,4 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болгон.

















