Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдору Федерациясы (IFRC) гуманитардык жардам кызматкерлерине каршы кол салуулардын көбөйүшү жөнүндө эскертип, жардам кызматкерлеринин арасында каза болгондордун саны тездик менен өсүп жатканын билдирди.
Федерациянын өкүлү Томмасо Делла Лонга шейшемби күнү Женевада журналисттерге берген маегинде 2026-жылдын алгачкы төрт айында гуманитардык иштерди аткарып жатып, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Айдын 13 ыктыярчысы жана кызматкерлери каза болгонун айтып: "Гуманитардык иш жүргүзүү эч качан өлүм жазасы болбошу керек; бирок көптөр үчүн бул барган сайын күчөп баратат",- деп билдирди.
Басма сөз катчысы зомбулук окуяларында тогуз адам, кырсыктарда төрт адамдын каза болгонун жана башка көптөгөн адамдар коркунучтарга дуушар болуп,жаракат алганын айтты.
2023-жылдан бери IFRCтин болжол менен 100 кызматкери каза болгон же өлтүрүлгөн; бул көрсөткүч мурунку беш жылдык мезгилде эң көп дегенде 30 болгон.
Лонга 2024-жыл дүйнө жүзү боюнча гуманитардык кызматкерлердин эң көп өлүм саны катталган жыл болгонун билдирди.
Каза болгондордун басымдуу бөлүгүн жергиликтүү кызматкерлер түзөт. 2025-жылы дүйнө жүзү боюнча өлтүрүлгөн гуманитардык кызматкерлердин 99 пайызы жергиликтүү адистер болгон.
Лонга IFRC тармагындагы зомбулук окуяларынан каза болгондордун саны көбөйгөнүн, 2024-жылы 92 пайызга жеткенин белгилеп, зомбулук обочолонгон окуя эмес, жардамга жетүүнү азайтып, аялуу коомчулуктарды маанилүү кызматтардан ажыраткан кеңири схеманын бир бөлүгү экенин баса белгиледи.
Мамлекеттерди эл аралык гуманитардык укукту сыйлоого жана жардам кызматкерлерин коргоого чакырган басма сөз катчысы кол салуулардын "нормалдуу көрүнүшкө айланышына жол берилбеши керектигин" белгилеп, "зомбулук айлампасын токтотууга убакыт келди" деп кошумчалады.




.jpg?width=512&format=webp&quality=80)





