Ирандын эки жарым-жартылай расмий маалымат агенттиги Ирандын Революциялык гвардиясы (IRGC) Ормуз кысыгы Ирандын "толук көзөмөлүндө" экенин жана аскердик эмес кемелер үчүн ачык экенин, бирок аскердик кемелерге "катуу жооп кайтарыларын" айтканын билдирди.
Бул коркутуу Вашингтон дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн баштап Иран портторуна блокада киргизерин жарыялагандан кийин айтылды.
АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу Пакистандагы АКШ менен Ирандын ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү макулдашуусуз аяктагандан кийин ок атышпоо жарыяланганына карабастан уланууда.
Сүйлөшүүлөрдө Иран тарабын өкүлдүк кылган парламенттин спикери Мухаммед Багер Калибаф Иранга кайтып келе жаткандагы билдирүүсүндө АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылып: "Эгер силер согушсаңар, биз да согушабыз", - деди.
Жети жумадан бери уланып жаткан согуш миңдеген адамдардын өмүрүн алып, дүйнөлүк рынокторду солкулдатты. АКШ Ирандын портторун жана жээк тилкелерин блокадага алам деп жарыялагандан кийин Иран Перс булуңундагы жана Оман булуңундагы порттор боюнча эскертти.
Мамлекеттик IRIB телеканалы жарыялаган билдирүүдө IRGC Перс булуңундагы жана Оман булуңундагы порттордун коопсуздугу "баары үчүн же эч ким үчүн эмес" экенин айтты.
Билдирүүдө “Ирандын куралдуу күчтөрү өлкөнүн мыйзамдуу укуктарын коргоону табигый жана мыйзамдуу милдет деп эсептейт жана ошондуктан Ирандын аймактык сууларындагы эгемендигинин колдонулушу Иран улутунун табигый укугу" деген сөздөр камтылды.
Ошондой эле "душман менен байланышкан кемелерге" Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берилбей турганы, ал эми башка кемелер Тегеран тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык өтө ала турганы эскертилди.
"Душмандын уланып жаткан коркутууларына" токтолгон IRGC Иран согуштан кийин да "Ормуз кысыгын көзөмөлдөө үчүн туруктуу механизмди чечкиндүү түрдө ишке ашыраарын" айтты.
Билдирүүдө ошондой эле: "Күнөөлүү АКШ тарабынан эл аралык сууларда деңиз кыймылына киргизилген чектөөлөр мыйзамсыз жана каракчылыкка барабар" деп айтылды.








