БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Израилдин Ливандагы чабуулдарын кескин айыптап, жарандардын арасында курмандыктардын көбөйүшү жана аймактык тынчтык аракеттерине келтирген коркунучтары жөнүндө эскертти.
Шаршемби күнкү билдирүүсүндө Гутерриш 8-апрелдеги кол салуулар жүздөгөн жарандардын, анын ичинде балдардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келгенин, ошондой эле жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенин айтты.
Жарандык курмандыктардын көбөйүшүнө терең тынчсыздануусун билдирген Башкы катчы адамдардын өлүмүн катуу айыптады.
БУУнун Башкы катчысы Ливан өкмөтүнө жана элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Билдирүүдө: "Иран менен АКШнын ортосунда ок атышпоо жарыялангандан кийин Ливанда уланып жаткан аскердик аракеттер ок атышпоо, аймакта узак жана ар тараптуу тынчтыкка жетүү аракеттерине олуттуу коркунуч келтирет", - деп кошумчаланып: "Башкы катчы бардык тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырыгын кайталайт" деген сөздөр камтылды.
Дипломатияга чакырык
Гутерриш эл аралык укукту, айрыкча эл аралык гуманитардык укукту сактоо зарылдыгына көңүл буруп, жарандарды жана жарандык инфраструктураны ар дайым коргоо керектигин жана аларга багытталган чабуулдар "кабыл алынгыс" экенин баса белгиледи.
Жаңжалды аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин айткан Гутерриш бардык тараптарды дипломатиялык каналдарды издөөгө жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701-резолюциясын толук аткарууга болгон милдеттенмелерин кайрадан ырастоого чакырды.
Иран менен АКШ шейшемби күнү эки жумалык ок атышууну токтотууну жарыялашты, анын максаты - АКШ менен Израилдин 28-февралда Иранга каршы баштаган жана аймак боюнча миңдеген адамдардын өмүрүн алып, жарадар кылган согушту токтотуу боюнча акыркы келишимге жол ачуу.
Бул билдирүү президент Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын кайра ачып, келишимди кабыл алуусу үчүн бир нече жолу узарткан мөөнөткө эки саат калганда жарыяланды.









