Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, Иран парламентинин жана сүйлөшүү делегациясынын төрагасы Мухаммед Бакыр Калибаф Тегеранда Пакистандын армия штабынын башчысы Асим Мунир менен жолугушууда: "Эгерде Трамп согушту кайра баштаса, бул АКШ үчүн согуштун биринчи күнүнө караганда да оор болот" ,- деди.
Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматы боюнча, Калибаф Мунир менен жолугушуусунда учурдагы маселелерди карап чыгышты.
Өлкөсүнүн жана элинин "АКШ сыяктуу ишенимсиз тарапка каршы" укуктарын коргоодо эч качан компромисске барбай турганын айткан Калибаф, Иран куралдуу күчтөрүнүн ок атышууну токтотуу процессинде өзүн жаңыртканын баса белгилеп: "Эгер Трамп согушту кайра баштаса, бул АКШ үчүн согуштун биринчи күнүнө караганда дагы кыйратуучу жана кыйын болот,-" деп эскертти.
Калибаф АКШнын буга чейин да сүйлөшүү этабында Иранга кол салганын эске салып, АКШ учурда Пакистан ортомчулук кылган ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, деңиз блокадасын киргизгенин эми болсо муну алып салуу үчүн аракет кылып жатканын айтты.
Мунир болсо өз өлкөсүнүн жана элинин, Иран элинин келечеги үчүн эң жакшы каалоолорун билдирди.















