ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран Бириккен Улуттар Уюмунан АКШнын аракетин айыптоону талап кылды, булуң өлкөлөрүн эскертти
Тегеран Перс булуңу өлкөлөрүн жерлери кол салуулар үчүн колдонула турган болсо аймактагы мунай өндүрүшүнүн төмөндөй турганы боюнча эскертти.
Иран Бириккен Улуттар Уюмунан АКШнын аракетин айыптоону талап кылды, булуң өлкөлөрүн эскертти
Иран кемени басып алууну "каракчылык" деп кескин айыптап, аймактагы мунай кесепеттери тууралуу эскертти. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

Иран Булуң өлкөлөрүнө өз аймактарын Иранга каршы чабуулдар үчүн колдонууга уруксат бербөө керектигин эскертип, мындай кырдаал аймактагы мунай өндүрүшүнө олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) авиация жана космостук күчтөрүнүн командири Сейед Мажид Мусави: "Эгерде жерлери Иранга каршы колдонула турган болсо Жакынкы Чыгыштагы мунай өндүрүшү менен коштошо беришсин", — деди.

Бул билдирүүлөр Тегерандын БУУдан АКШнын Иранга таандык жүк кемеси "Touska" кемесин колого түшүрүүсүн айыптоону талап кылганы маалга туш келди. Тегеран бул кадамды «каракчылык» жана ок атышпоонун «материалдык бузулушу» деп мүнөздөдү.

Ирандын БУУдагы элчиси Амир Саид Иравани Коопсуздук Кеңешинен кемени бошотууну талап кылууга чакырды жана бул аракет "маанилүү деңиз жолдорунун коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурарын" белгиледи.

Трамп ок атышууну токтотууну узартты

АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Пакистан бийлигинин өтүнүчү менен Тегеранга «бирдиктүү сунуш» даярдоого убакыт берүү максатында Иран менен болгон ок атууну токтотуу режимин узартты.

Бирок Трамп социалдык тармактарда АКШ деңиз блокадасын улантарын жазды.

Жекшемби күнү эскертүүлөргө жооп бербегени үчүн колго түшүрүлгөн "Touska" кемесине токтолгон Трамп: "Деңиз флотубуздун кемеси мотор бөлүгүнө тешик ачуу менен аларды ордунда токтотту", — деп кошумчалады.

АКШ менен Израилдин 28-февралда биргелешкен согуш аракеттерин баштагандан бери касташуу күчөп, бул Тегерандын аймактагы өлкөлөргө таандык объектилерге карата жооп кайтаруу чабуулдарын жасоосуна алып келди.

Пакистан алгачкы эки жумалык ок атууну токтотуу келишимине ортомчулук кылгандан кийин, 11-апрелде тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасын өткөргөн.

Иликте
АКШ Түштүк Корея менен чалгындоо маалыматын алмашууну чектеди
Ж.Д.Вэнс шейшемби күнү Иран  сүйлөшүүлөрү үчүн Пакистанга барат
Ирактын негизги саясий блогу Бассем аль-Бадрини премьер-министрликке талапкер катары тандады
Венгриянын жаңы премьер-министри Нетаньяхуну камакка алаарын айтты
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливандагы тынчтыкты сактоо күчтөрүнө жасалган кандуу кол салууну айыптады
Иран АКШнын Оман булуңунда жүк ташуучу кемени токтотушун айыптады: "Деңиз каракчылыгы"
Трамп: Ирандын байытылган уранын алуу "узак жана кыйын" болот
Ок атышпоо эрежелерин бузуу улантылууда, Израиль Газада үч кишини өлтүрдү
Си Цзиньпин Ормуздагы эркин кеме жүрүшүн колдоду
Кытай АКШны тынчтыкчыл максаттагы өзөктүк жайларга кол салууну токтотууга чакырды
Японияны солкулдаткан 7,4 баллдык жер титирөө цунамини пайда кылды
Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү тургундарды чек ара аймактарынан алыс болууга чакырды
Иран Израилдин чалгындоо кызматы менен байланышы бар деп шектелген эки кишини өлүм жазасына тартты
Украинанын дрону Орусиянын Туапсе портуна сокку урду
АКШ, Жапония жана Филиппиндер ири масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрүп жатышат