АНКАРА/ПЕКИН (AA) - Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Пекинде кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту.
Ирандын жарым расмий ISNA маалымат агенттигинин кабарына караганда, тышкы иштер министри Аракчи кесиптеши Ван менен Кытайдын борбору Пекинде ар кандай өлкөлөр менен уланып жаткан дипломатиялык консультациялардын алкагында жолугушту.
Эки тараптуу мамилелер, ошондой эле аймактык жана глобалдык окуялар талкууланган жолугушууда Аракчи Кытайдын АКШ менен Израилдин агрессиясына каршы позициясына канааттанганын билдирди.
Кытайды Ирандын жакын досу катары сыпаттаган Аракчи эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык азыркы шарттарда дагы да бекемделерин баса белгиледи.
АКШ менен согушту токтотуу үчүн ортомчулар аркылуу билдирүүлөрдү алмашуу уланып жатканы тууралуу Аракчи мындай деди:
"Биз бир гана адилеттүү жана ар тараптуу келишимди кабыл алабыз. Бизге каршы башталган согуш ачыктан-ачык агрессия актысы жана эл аралык укукту ачык бузуу болуп саналат. Сүйлөшүүлөрдө мыйзамдуу укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз".
Кытайдын тышкы иштер министри Ван болсо АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу мыйзамсыз экенин билдирип, согушту толугу менен бүтүрүү үчүн толук ок атышууну токтотуу зарылдыгын баса белгиледи.
ISNA агенттигинин маалыматына караганда Ван мындай деди:
"Биз чыңалууну азайтуу боюнча аракеттерибизди улантууга даярбыз. Толук ок атышууну токтотуу зарыл. Регион маанилүү бурулуш учурун башынан кечирүүдө жана эки тараптын ортосундагы түз сүйлөшүүлөр абдан маанилүү".



.jpg?width=512&format=webp&quality=80)





