Бир катар маалымат каражаттары АКШнын чалгын кызматтарына таянып, Пекинди согушка кыйыр түрдө катышууда деп айыптоосунан кийин, Кытай Иранга курал жеткиргени же жеткирүүнү пландап жатканы тууралуу кабарларды «негизсиз каралоо» деп мүнөздөдү.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун дүйшөмбү күнү кезектеги маалымат жыйынында: "Кытай аскердик продукцияларды экспорттоого ар дайым этият жана жоопкерчиликтүү мамиле жасап, өзүнүн экспортту көзөмөлдөө мыйзамдарына, жоболоруна жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык катуу көзөмөлдү жүргүзүп келген. Биз негизсиз жалаа жабууларга жана жаман ниеттүү байланыштырууларга каршыбыз", - деди.
Чалгындоо ырастоолору жана жеткирүү планы
Алгач CNN телеканалы тарабынан жарыяланып, кийин Reuters жана The New York Times агенттиктери шилтеме берген маалыматтарга караганда, АКШнын чалгындоо кызматы Кытайдын жакынкы бир нече аптанын ичинде Иранга жаңы абадан коргонуу системаларын тапшырууга даярданып жатканын аныктаган. Бул тууралуу акыркы чалгындоо маалыматтары менен тааныш болгон үч булак кабарлады.
Аталган маалымат түйүндөрүнүн билдиргенине караганда Пекиндин куралдын кайсы өлкөгө таандык экенин жашыруу максатында жүктөрдү үчүнчү өлкөлөр аркылуу багыттоого аракет кылып жатканы боюнча белгилер бар.
CNNдин атын атабаган булактардын маалыматы боюнча, Кытай MANPADS деп аталган ийинден атуучу абадан коргонуу ракета системаларын өткөрүп берүүгө даярданууда.
Кытайдын Вашингтон элчилиги айыптоолорду четке какты
Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин расмий өкүлү да айтылган маалыматтарды төгүндөдү. CNN телеканалынын кабарына ылайык, элчиликтин өкүлү Пекиндин «кагылышуунун эч бир тарабына эч качан курал бербегенин» белгилеп, АКШны «негизсиз айыптоолордон» алыс болууга чакырды.
Бул айыптоолор Исламабаддагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учураар алдында ортого чыкты. Сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин, Вашингтон Ирандын портторун жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жолдорду бутага алган деңиз блокадасын жарыялап, аймактагы чыңалуу дагы да күчөдү.







