АКШнын басылмаларынын маалыматы боюнча, Атлантика океанында пайда болуп, «2-категорияга» жеткен «Исаиас» бороону өлкөнүн чыгыш жээктерин көздөй жылып баратат.
Бороон дем алыш күндөрү жээкке жетип, күчөшү күтүлүүдө.
СУНУШТАЛАТ
Бороон жана алып келе турган жаан-чачын таасир этиши мүмкүн болгон Алабама, Флорида жана Жоржия штаттарынын айрым аймактарында тургундарды шашылыш эвакуациялоо буйругу берилди.
Ошондой эле бороонго байланыштуу Флоридадагы айрым аэропорттор жабылып, поезд каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө.


















