Бекаи телеканалдардын бирине берген маегинде күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге баа берди.
Буга чейинки тажрыйбаларга таянып, бир пикирге келүү мүмкүн болбогон татаал маселелер менен убакыт короткусу келбегенин белгилеген Бекаи: «Учурда биздин чечимибиз — согушту токтотууга көңүл буруу. Анткени бул кырдаал Иран эли үчүн да, аймак жана эл аралык коомчулук үчүн да кооптонууну жаратууда»,- деди.
“Ирандын булуңдагы өлкөлөргө каршы эч кандай душмандыгы жок”
АКШнын аймактагы аскердик катышуусу коопсуздукту жаратып, АКШнын базалары жайгашкан өлкөлөргө коркунуч туудурарын белгилеп, Бекаи: "Иран Перс булуңунун түштүгүндөгү өлкөлөргө каршы эч кандай душмандык мамиледе эмес", - деди.
Ирандын өкүлү Перс булуңуна чектеш мамлекеттер менен мамилелер өз ара сыйдын жана кызыкчылыктардын негизинде жүргүзүлөрүн билдирди.
Бекаи ошондой эле Иран элинин эч качан кысымга же багынууга моюн сунбай турганын айтты.




.jpg?width=512&format=webp&quality=80)





