Иран армиясы АКШнын деңиз блокадасы улана берсе, Кызыл деңиз, Перс булуңу жана Оман булуңу аркылуу соода жүргүзүүнү токтото турганын эскертти.
Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусуна караштуу «Хатемул Анбия» борбордук штабынын командачысы, генерал-майор Али Абдуллахи шаршемби күнү мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө, АКШнын блокаданы улантышы жана «Ирандын соода кемелери жана мунай танкерлери үчүн кооптуулук жарата турган болсо», бул аракетти ок атышууну токтотуу режимин бузуунун «башталышы» катары кабыл аларын айтты.
Али Абдуллахи: «Республиканын кубаттуу куралдуу күчтөрү Перс булуңунда, Оман деңизинде жана Кызыл деңизде эч кандай экспорттун же импорттун улантылышына жол бербейт», — деп билдирди.
Иран армиясынын билдирүүсү АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) шейшемби күнү Иранга жана Ирандан деңиз аркылуу соода кылууну "толугу менен токтотконун" жарыялагандан кийин жасалды.
Билдирүүлөр CENTCOMдун дүйшөмбү күнү Иран портторуна кирип-чыккан бардык деңиз каттамын блокада кылууга киришкенден кийин айтылды.
Командирлик блокаданын булуң жана Оман булуңундагы Иран портторуна кирген же чыккан бардык мамлекеттерге таандык кемелерге карата "бейтарап түрдө колдонулуп жатканын" билдирди.
АКШнын деңиз күчтөрүнүн операциясы башталгандан бери кеме кыймылы көп болгон Гвадар булуңу менен Рас-эл-Хадд аралыгындагы тилкеде блокада орноткону кабарланууда.
АКШ президенти Дональд Трамп блокада чечимин өткөн апта соңунда Исламабадда АКШ менен Ирандын ортосунда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктагандан кийин жекшемби күнү жарыялаган.
АКШнын Борбордук командачылыгы X платформасында: «Алгачкы 24 саат ичинде бир дагы кеме АКШнын блокадасын жарып өтө алган жок», — деп билдирип, алты кеменин АКШ күчтөрүнүн көрсөтмөсүн аткарып, Ирандагы портторуна кайтып кеткенин кошумчалады.
Кемелердин кыймылы тууралуу маалыматтарга караганда, Ормуз кысыгындагы каттамдар уланып жатканына карабастан бир күн мурун кысыкты Араб деңизи менен туташтырган Оман булуңуна жеткен айрым кемелер багыттарын өзгөртүп, артка кайтышкан.
Гринвич убактысы боюнча саат 09:00гө карата акыркы 24 саатта бул стратегиялык суу жолунан 15ке жакын кеме өттү.
Кысык аркылуу Булуңга кирген кемелердин арасында Панамага таандык «Galaxy Gas» танкери, Ирандын «Daisy» жана «Rayen» контейнер ташуучу кемелери, БАЭнин «Oceana Kai» танкери, Панаманын «Serenity IX», Либериянын «Alica», Кытайдын «Rich Starry», Грециянын «Agios Fanourios» танкерлери, Бразилиянын «Rosalina» жүк кемеси жана Индиянын «Al Nazir» кемеси бар.
«MarineTraffic» деңиз трафигинин маалымат базасы шейшемби күнү жарыялаган маалыматтарга караганда, АКШнын санкцияларына дуушар болгон кемелер да кысыктан өткөнү байкалган.

















