ЭКОНОМИКА
1 мүнөт окуу
Чыгыш Кара деңиз аймагынан 115 өлкөгө 831 миллион доллардан ашкан экспорт
Трабзон, Ризе, Артвин жана Гүмүшхане январь-май мезгилинде экспорттон 831 миң 167 880 доллар киреше табышты.
Чыгыш Кара деңиз аймагынан 115 өлкөгө 831 миллион доллардан ашкан экспорт
Гиресун жана Ордудагы аял жумушчулар фундук экспортуна эң көп салым кошкондордон

Чыгыш Кара деңиз экспорттоочулар ассоциациясынын (DKİB) Башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Искендер жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, жылдын алгачкы беш айында Трабзондон экспорт 625 282 000 долларды, Ризеден 101 145 000 долларды, Гүмүшханеден 65 290 000 долларды жана Артвинден 39 451 000 долларды түзгөнүн билдирди.

Искендер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт Трабзондо 12%га, Ризеде 31%га, Гүмүшханеде 76%га жана Артвинде 26%га өскөнүн баса белгиледи.

Экспорттоочу тармактардын тизмесинде фундук 437 615 000 доллар менен биринчи орунду ээлегенин айткан Искендер, андан кийин минерал жана металлдар 135 466 000 доллар, суу азыктары жана мал чарба азыктары 88 278 000 доллар, ал эми мөмө-жемиштер 67 758 000 доллар менен турганын билдирди.

Искендер сөз болуп жаткан мезгилде Чыгыш Кара деңиз аймагынан 115 өлкөгө сатуу жүргүзүлгөнүн, экспорттун эң көп 5 багыты Италия, Германия, Орусия, Грузия жана Франция болгонун маалымдады.

Германияда экспорттун эң чоң өсүшү 96%ды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул мезгилинен айырмаланып Филиппиндер, Индонезия, Сальвадор, Аргентина жана Судан сыяктуу дагы 13 өлкөгө экспорт жасалганын кошумчалады.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"