Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Жаңы Зеландиянын башкы губернатору Синди Кирону Анкарадагы Президенттик комлексте кабыл алды. Лидерлер эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле аймактык жана глобалдык окуяларды талкуулашты.
Шейшемби күнү Түркиянын Коммуникация башкармалыгы тарабынан жарыяланган билдирүүгө ылайык, президент Эрдоган Түркия менен Жаңы Зеландиянын жалпы эсинде өзгөчө орунду ээлеген Чанаккале согушунун 111-жылына туш келген бул сапарды маанилүү деп эсептеп, Жаңы Зеландия менен соода, коргонуу өнөр жайы жана транспорт жаатындагы мамилелерди өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтты.
Эрдоган Түркиянын Жаңы Зеландия менен мамилелерин, өзгөчө соода, коргонуу өнөр жайы жана транспорт жаатында дагы да өнүктүрүү ниетин билдирди.
Президент Эрдоган Жаңы Зеландиянын исламофобияга каршы күрөшүүдөгү принциптүү позициясын кубаттап, Палестина доосуна жана эки мамлекеттүү чечимге Бириккен Улуттар Уюмунда да, эки тараптуу түрдө да колдоосунун мактоого арзырлык экенин баса белгиледи. Жаңы Зеландиянын Палестина мамлекетин таануусу чечимге салым кошоорун кошумчалады.
Президент ошондой эле келерки жылы Тынч океан аралдары форуму саммитин өткөрө турган Жаңы Зеландияга ийгилик каалады.
Түркиянын жашыл трансформациядагы жетишкендиктерине, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү аракеттерине басым жасаган Эрдоган, ноябрь айында Анталияда өтө турган БУУнун COP31 климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясын эске салып, башкы губернатор Кирону саммитке чакырды.
Жолугушуу жабык эшик артында өттү.
Эрдоган Кирону Президенттик комплекстин башкы кире беришинде тосуп алды жана эки лидер Түркия менен Жаңы Зеландиянын желектеринин алдында сүрөткө түшүштү.













