3-июнь шаршемби күнү Ливандын түштүгүндөгү Аль-Клайа шаарчасында Израилдин учкучсуз аппараттарынын чабуулунан каза болгон доктор Жеймс Жорж Керем жана анын эки баласы Тони менен Тадосиенин сөөгү коюлду.
Бул кол салуу, АКШнын ортомчулугу астында Вашингтондо ок атышууну токтотууну сактоо боюнча Ливан менен Израилдин расмий өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн бир күн өткөндөн кийин болду.
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Ливандагы чабуулдарын жана кургактагы операцияларын дээрлик күн сайын улантып келет. Ливандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, 2-марттан бери Израилдин кол салууларынан болжол менен 3500 адам каза болуп 1,6 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап кетти.