Формула-1 боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Льюис Хэмилтон Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы “Рафах” чек ара бекетине барып, гуманитардык жардам операцияларын өз көзү менен көрдү. Сапар учурунда Египеттин расмий өкүлдөрү Хэмилтонго Газага кирип жаткан жардам жүктөрү, ошондой эле медициналык дарылоо үчүн жарадар жана оорулуу палестиналыктардын Египетке эвакуацияланышы темасында маалымат беришти. Льюис Хэмилтон мурда Израилдин Газада жасаган геноцидине жана аймактагы гуманитардык кризиске каршы чыккан.
Дагы видеолор
ФОРМУЛА-1 ЧЕМПИОНУ ЛЬЮИС ХЭМИЛТОН "РАФАХ" ЧЕК АРА БЕКЕТИНЕ БАРДЫ
ФОРМУЛА-1 ЧЕМПИОНУ ЛЬЮИС ХЭМИЛТОН ГАЗАДАГЫ ГУМАНИТАРДЫК КРИЗИСКЕ БАЙЛАНЫШТУУ "РАФАХ" ЧЕК АРА БЕКЕТИНЕ БАРДЫ.
Дагы видеолор