Оккупацияланган Батыш Шериадагы Эль-Халиль шаарында 20-августта ичинде эне менен кызы бар палестиналыктардын үйүн мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар өрттөп жиберишти.
Эненин айтымында, беткапчан беш кол салуучу уктоочу бөлмөнүн терезесин ачып аларды коркуткандан кийин бөлмөнү өрттөп жиберишти. Өрт жайылып баратканда эне менен кызы үйдөн качып кетүүгө үлгүрүштү.