Британ полициясы Лондондогу Эджвар Юнайтед синагогасында өткөрүлгөн "Улуу Израилдин менчиги" иш-чарасына каршы демонстрацияга чыккан ондон ашык жөөт антисионист митингчини камакка алды. Анда оккупацияланган Батыш Шериадагы Израилдин мыйзамсыз конуштарындагы жерлер сатылып жаткан. Нааразычылык акциясынын катышуучулары полиция тынчтыкчыл демонстрацияга каршы ченемсиз күч колдонгонун билдиришти. Өткөн айда Нью-Йоркто да Кфар Элдад, Карней Шомрон жана башка мыйзамсыз Израиль конуштарындагы мүлктөрдү жарнамалаган ушул сыяктуу иш-чара өткөн.
Дагы видеолор
БРИТАН ПОЛИЦИЯСЫ ЖӨӨТТӨРДҮ КАМАККА АЛДЫ
БРИТАН ПОЛИЦИЯСЫ ЛОНДОНДОГУ СИНАГОГАДА ПАЛЕСТИН ЖЕРЛЕРИН МЫЙЗАМСЫЗ САТУУГА КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫККАН ЖӨӨТТӨРДҮ КАМАККА АЛДЫ.
Дагы видеолор