10 АЙЛЫК НАРИСТЕ ГАЗАДАГЫ ЧАТЫРДА ТОҢУП КАЗА БОЛДУ
Дүйнө
10 АЙЛЫК НАРИСТЕ ГАЗАДАГЫ ЧАТЫРДА ТОҢУП КАЗА БОЛДУ
 

Он айлык палестиналык наристе Кенан ар-Ракик Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында үй-бүлөсү менен жашап жаткан чатырда катуу сууктан каза болду.

Анын атасы Ахмед ар-Ракик бейшемби күнкү билдирүүсүндө : "Мен ойгонгондо анын терисинин көгөргөнүн байкап дароо Насер ооруканасына алып бардым, бирок гипотермиядан каза болуп калыптыр", - деди.

Чоң атасы Рашид ар-Ракик Анадолу агенттигине берген маегинде, баласынан ажыраган үй-бүлө жамгырдан улам кийимдери, жууркандары жана төшөнчүлөрү суу болгон эски чатырда жашоо үчүн күрөшүп жатканын айтты.

БУУнун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Израиль курчоодогу Газага 150 миң чатыр, генераторлор жана курулуш материалдарынын киришине бөгөт коюуну улантууда.

БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак шаршемби күнү: "Уруксаттар берилгенден кийин биз буларды жеткирүүгө даярбыз", - деп билдирди.

Дагы видеолор
ИЗРАИЛДИН АЗЫК-ТҮЛҮК ТАШЫГАН УНААГА КОЛ САЛУУСУНАН ҮЧ ПАЛЕСТИНАЛЫК КАЗА БОЛДУ
УЛЬТРА-ПРАВОСЛАВДЫК ЖӨӨТ АРМЯН МОНАСТЫРЫНА ТҮКҮРДҮ
ГАЗАЛЫК БАЛДАР ГЕНОЦИДГЕ КАРАБАЙ ҮМҮТ МЕНЕН СҮЗҮҮДӨ
АКТИВИСТТЕР ГАЗАДАН ТАРТЫЛГАН КАДРЛАРДЫ ЧАГЫЛДЫРЫШТЫ
ИЗРАИЛЬ ПАЛЕСТИНАЛЫКТАРДЫН «ДАЛ’УНА» ЫРЫН ДА БУТАГА АЛДЫ
"ОРУЧ РЕИС" КЕМЕСИ ПАКИСТАНГА БАРДЫ
БРИТАНИЯЛЫК ЛОРД ЖӨӨТТӨРДҮН ГАЗАДАГЫ ГЕНОЦИДГЕ КАРАТА УНЧУКПАГАНЫН СЫНДАДЫ
АКШДА БИР ЖАРАН ИЗРАИЛГЕ КӨРСӨТҮЛГӨН КОЛДООГО КАРШЫ ЧЫКТЫ
ИЗРАИЛЬ АСКЕРЛЕРИ ПАЛЕСТИНАЛЫКТАРДЫ ҮЙЛӨРҮНӨН КИШЕНДЕП АЛЫП ЧЫГЫШУУДА
ИЗРАИЛЬ КҮЧТӨРҮ КАЧКАН ПАЛЕСТИНДЕРГЕ ОК АТТЫ