Улуттук чалгындоо уюму Камышлыда операция жүргүздү
03:08
Түркия
Улуттук чалгындоо уюму Камышлыда операция жүргүздү
MİT жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Асад режиминен калган ракеталарды, оор куралдарды жана ок-дарыларды өз кампаларына ташый баштаганын аныктады.

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын Камышлы районунда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын бийликтен кулатылган лидери Башар Асад режиминен тартып алган ракета, оор куралдар жана ок-дарылар орун алган 2 кампа, 12 жүк ташуучу унаа жана 2 танкты жок кылды.

MİT жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Асад режиминен калган ракеталарды, оор куралдарды жана ок-дарыларды өз кампаларына ташый баштаганын аныктады.

Террордук уюмдун мүчөлөрүнүн түндүн караңгылыгынан пайдаланып, курал-жарак жана ок-дарыларды жүк ташуучу унааларга жүктөп, кербен менен аймактан чыгып кеткенин аныктаган MİT операцияга чечим чыгарды.

Операцияда ракеталар, оор куралдар жана ок-дарылар сакталган 2 кампа, 12 жүк ташуучу унаа жана 2 танк жок кылынды.

Коопсуздук булактары Түркия чек арасында уя салып, Түркияга коркунуч туудурууга аракет кылган жикчил террордук уюмга эч качан жол берилбей турганын белгиледи.

Жекшембиде Сирияда 61 жылдык Баас режими кулап, бийликтен кулатылган лидери Башар Асад өлкөсүнөн качып кеткен.


Дагы видеолор
Израиль күчтөрү оккупациядагы Чыгыш Кудста палестиналыктардын тоюна кол салды
ИЗРАИЛДИН КҮЧТӨРҮ ЛИВАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ, СИРИЯДАГЫ ЖАНА ГАЗАДАГЫ «КООПСУЗДУК ЗОНАЛАРЫНАН» ЧЫКПАЙБЫ?
АНТАЛЬЯДАГЫ ТҮШҮМ ЖЫЙНАЛГАН ТАЛААЛАРГА ТӨШӨЛГӨН САЛТТУУ ТҮРК КИЛЕМДЕРИ
ИЗРАИЛЬ АСКЕРЛЕРИ БАСЫП АЛЫНГАН БАТЫШ ШЕРИАДА ПАЛЕСТИНАЛЫК БАЛАНЫ КАМАККА АЛЫШТЫ
БУУНУН ИЛИКТӨӨСҮНӨ ЫЛАЙЫК, ИЗРАИЛЬ ГАЗАДАГЫ БАЛДАРДЫ АТАЙЫЛАП ӨЛТҮРҮҮ МЕНЕН ГЕНОЦИД КЫЛЫП ЖАТАТ
УЛЬТРА-ПРАВОСЛАВДЫК ЖӨӨТТӨР МИЛДЕТТҮҮ АСКЕРДИК КЫЗМАТКА КАРШЫ
БЕННЕТТ: ИЗРАИЛЬ ИРАНГА МИҢДЕГЕН STARLINK СИСТЕМАЛАРЫН ЖАШЫРУУН АЛЫП КИРГЕН
ВЕНЕСУЭЛАДА 7,5 ЖАНА 7,2 БАЛЛДЫК ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР КАТТАЛДЫ
ЛИВАНДЫК ҮЙ-БҮЛӨНҮН ҮЙҮН БАСЫП АЛЫП БИЙЛЕШТИ
НАВРОЦКИЙ: «ТҮРКИЯ ПОЛЬШАНЫН БӨЛҮНҮШҮН ЭЧ КАЧАН КАБЫЛ АЛГАН ЭМЕС»