8-сентябрда Израиль оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Британ консулдугун жабуу чечимин кабыл алып, британиялык чиновниктердин Газадагы координациялык миссияга кирүүсүнө тыюу салды. Бул чечим Улуу Британиянын оккупацияланган Батыш Шериадагы мыйзамсыз израилдик конуштар менен соода жүргүзүүгө каршы санкцияларды жарыялаганына жооп катары кабыл алынды.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар британиялык кесиптеши Эд Милибанддын израилдик отурукташуучуларды этникалык тазалоо жүргүздү деп айыптаган билдирүүлөрүн "уяттуу калп" деп мүнөздөгөн.