Түркиянын, Ирандын, Сауд Арабиясынын жана Пакистандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү Тегеранда аймактык коопсуздукту, Израилдин аймактагы кол салууларын жана Палестина менен Ливандагы окуяларды талкуулоо үчүн төрт тараптуу жыйын өткөрүштү. Жыйынды Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Мохсен Резаи жетектеди; Ирандын президенти Масуд Пазешкиан жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи да жыйынга катышты. Түркияны Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрахим Калын, Сауд Арабиясын коргоо министри ханзаада Халид бин Салман, ал эми Пакистанды Армиянын штабынын башчысы Асим Мунир өкүлдүк кылды.
Дагы видеолор
Дагы видеолор