«Энем Холокосттон аман калган. Бүгүн бул жерде көргөнүм мага өткөн кылымдын окуяларын эске салды».
Моссаддын мурдагы директору Тамир Пардо оккупацияланган Батыш Шериадагы отурукташкандардын зомбулуктарын байкоо үчүн барганда көргөн көрүнүштөрүн Холокостко салыштырды.
Тамир Пардо 2011-жылдан 2016-жылга чейин Израилдин чалгындоо агенттиги болгон Моссаддын директору болуп иштеген. Израиль армиясынын отставкадагы бригадалык генералы Пардо оккупацияланган Батыш Шериадагы отурукташкандардын зомбулуктарын жана Израилдин саясатын ачык сындаган Израилдин мурдагы коопсуздук кызматынын эң жогорку даражалуу кызматкерлеринин бири.
