Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев Евразия изилдөөлөр борборунда (AVIM) өткөн «Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан реформалар жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаттагы артыкчылыктары» аттуу тегерек үстөл жыйынында сөз сүйлөдү.
Жолугушууга Казакбаев, AVIM президенти ардактуу эс алуудагы элчи Алев Кылыч, Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүнүн элчилери, чет элдик миссиялардын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.