2 саат мурун
АКШнын ортомчулугунда Израиль менен Ливандын ортосунда 10 күндүк ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден кийин Бейрут жана Сайда сыяктуу Ливандын айрым жерлеринде майрамдоолор башталган. Израилдин бир нече айга созулган чабуулдарынан кийин эл аянттарга чогулду. Ливан армиясы Израилдин ок атышпоону бузгандыгын кабарлаганда майрамдоолор токтоду, бул анын туруктуулугуна байланыштуу кооптонууларды жаратты.
