С.ЖАПАРОВ:«ЫСЫК-КӨЛ-БИЗДИН ЖАЛПЫ КЛИМАТТЫК АМАНАТЫБЫЗ»
Түрк дүйнөсү
С.ЖАПАРОВ:«ЫСЫК-КӨЛ-БИЗДИН ЖАЛПЫ КЛИМАТТЫК АМАНАТЫБЫЗ»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Президент Садыр Жапаров экологиялык көйгөйлөргө токтолуп: «Климаттын өзгөрүү темасын улантып, сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир экологиялык көйгөйгө бургум келет.Баарыбызга маалым болгондой, глобалдык көйгөйлөрдүн жана кырсыктардын башаты жергиликтүү деңгээлде жатат.Бул маселе ЮНЕСКОнун биосфералык коругу жана эл аралык маанидеги «Рамсар» аймактарынын тизмесине кирген уникалдуу бийик тоолуу Ысык-Көлгө тиешелүү.Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу резервуары катуу климаттык стресске дуушар болууда.

Биздин маданиятыбызда "Аманат" деген түшүнүк бар.Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.Андыктан, Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот»,-деп айтты.

Дагы видеолор
ИЗРАИЛДИН БАТЫШ ШЕРИАДАГЫ АРАКЕТТЕРИ «ЭТНИКАЛЫК ТАЗАЛОО» КОРКУНУЧУН ЖАРАТУУДА
ЭРДОГАН БУУДА СӨЗ СҮЙЛӨП ЖАТКАНДА ИЗРАИЛЬ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЗАЛДАН ЧЫГЫП КЕТТИ
ТҮРКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЭРДОГАН БУУНУН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН РЕФОРМАЛООГО ЧАКЫРДЫ
ПРЕЗИДЕНТ РЕЖЕП ТАЙЙИП ЭРДОГАН БУУНУН БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНДА ӨЛКӨЛӨРДҮ ПАЛЕСТИНАНЫ ТААНУУГА ЧАКЫРДЫ
НЬЮ-ЙОРКТО БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН СЕССИЯСЫ КОҢГУРОО КАГЫЛЫШЫ МЕНЕН БАШТАЛДЫ
ТЕХАСТА ICE АГЕНТИНИН ОГУНАН ЖАРАКАТ АЛГАН ВЕНЕСУЭЛАЛЫК АДАМДЫН ВИДЕОСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
ПИЛДИН БАЛАСЫ БАЛЫКЧЫЛАР ДАРЫЯДАН КУТКАРЫП АЛГАНДАН КИЙИН КАЙРАДАН ЭНЕСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
КӨПҮРӨНҮН ҮСТҮНӨН КАТУУ ЫЛДАМДЫКТА БАРА ЖАТКАН УНАА КУЛАП, ҮЧ ОКУУЧУ КАЗА БОЛДУ
ЧИЛИДЕГИ "ЧАЙТЕН" ЖАНАР ТООСУ КАЙРАДАН АТЫЛДЫ
ГЕРМАНИЯНЫН ПОЛИЦИЯСЫ ПАЛЕСТИНАЛЫКТАРДЫ КОЛДОГОН НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫН МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ТАРКАТТЫ