Президент Садыр Жапаров экологиялык көйгөйлөргө токтолуп: «Климаттын өзгөрүү темасын улантып, сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир экологиялык көйгөйгө бургум келет.Баарыбызга маалым болгондой, глобалдык көйгөйлөрдүн жана кырсыктардын башаты жергиликтүү деңгээлде жатат.Бул маселе ЮНЕСКОнун биосфералык коругу жана эл аралык маанидеги «Рамсар» аймактарынын тизмесине кирген уникалдуу бийик тоолуу Ысык-Көлгө тиешелүү.Бүгүнкү күндө бул баа жеткис табигый суу резервуары катуу климаттык стресске дуушар болууда.
Биздин маданиятыбызда "Аманат" деген түшүнүк бар.Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.Андыктан, Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот»,-деп айтты.