Ирандын Революциялык гвардиясы шейшемби күнү Ормуз кысыгынын кире беришинде АКШнын капитансыз суу астында жүрүүчү кемесин кармап алганын жарыялады. Буга жооп катары Пентагондун өкүлү суу астындагы кемелеринин бири "бир күндөн ашык убакыт мурун бузулуп калганын" билдирди. АКШнын аскердик жаңылыктар сайты DefenseScoop 2024-жылы кабарлагандай, Иран тарабынан калмалгандыгы айтылган Dive-LD кемелеринин ар бири болжол менен 2,5 миллион долларга бааланган.
Дагы видеолор
Дагы видеолор