Непалдын Нувакот районунда 60 жаштагы Чандика Шреста сел суулары каптаган үйдөн 5-сентябрда тирүү куткарылды. Куткаруучулар аймакта катуу жааган жамгырдан улам улгайган аялга 10 күндөн кийин гана жете алышты. Ал Катмандуга дарылануу үчүн тик учак менен жеткирилди. Селден каза болгондордун саны 1375ке жетти, ал эми апааттан 10 күн өткөндөн кийин дагы деле 5531 адам дайынсыз болууда.
Дагы видеолор
Дагы видеолор