31 Март 2026
Израилден расисттик мыйзам! Израилдин мыйзам чыгаруучулары Кнессетте (Израиль парламентинде) өлүмгө алып келүүчү кол салуулар үчүн күнөөлүү деп табылган палестиналыктарга өлүм жазасын колдонууга мүмкүндүк берген талаш-тартыштуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышын кубатташты. Сынчылар бул кадамды адилеттүү соттук териштирүү принцибинен четтөө жана басмырлоо катары сыпатташкан, ал эми Европа Биримдиги жана адам укуктары боюнча уюмдар дагы мыйзам долбоорун айыпташкан. Шампанды жарып, добуш берүүнү текебердик менен белгилеген ашынган оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир жетектеген мыйзам долбоору Биньямин Нетаньяхунун ачык колдоосу менен 62 макул 48 каршы добуш менен кабыл алынды.
