Кыргызстан өткөргөн 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жашоо образын көрсөткөн ар кандай иш-чаралар уюштурулду.
Алардын арасында салттуу боз үй тигүү мелдеши чоң толкунданууну жаратты. Ысык-Көл облусунун Тоң районунан келген команда салттуу боз үйүн рекорддук убакытта - 7 мүнөт 4 секундда тигип, мелдеште жеңишке жетишти.