Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) БУУнун Коопсуздук Кеңешин Газадагы ок атышууну токтотуу менен эле чектелбестен, Израилдин оккупациясына толугу менен чекит коюуга чакырды. Ошондой эле Израилдин палестиналык жай тургундарга, ыйык жерлерге жана коңшу мамлекеттерге карата күчөгөн мыйзам бузууларын айыптады.
Коопсуздук Кеңешинин Жакынкы Чыгыш боюнча ачык отурумунда ИКУнун атынан төрагалык кылган Түркиянын БУУдагы атайын өкүлү Ахмет Йылдыз уюмдун позициясын билдирди. Ал өз сөзүндө: «Газа боюнча ок атышууну токтотуу келишимин жана Коопсуздук Кеңешинин №2803 резолюциясына ылайык, келишимдин экинчи баскычынын башталышын кубаттайбыз», — деди.
«Газада жана басып алынган Палестина аймактарынын башка бөлүктөрүндө абал оор бойдон калууда; Палестина эли Израилдин мыйзамсыз оккупациясы астында көптөгөн кыйынчылыктарды жана трагедияны башынан өткөрүүнү улантууда», — деп кошумчалады.
Йылдыз Израилдин Палестина аймактарында "жаңы колониялык конуштарды кеңейтүү" тууралуу акыркы чечимине кошумча катары, Газадагы качкындарга жана жер которгон жай тургундарга карата жасалган аракеттер, Батыш Шериадагы отурукташуучулардын зордук-зомбулуктары, ошондой эле мектептер менен ибадатканаларды камтыган инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдардын күчөгөнүн баса белгиледи.
Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) "Жакынкы Чыгыштагы туруктуу тынчтык үчүн Израиль басып алган бардык араб жерлеринен, Сириядагы Голан дөңсөөлөрүнөн толугу менен чыгып кетиши жана Коопсуздук Кеңешинин №242 (1967), №338 (1973) жана №497 (1981) резолюцияларын толук аткаруусу зарыл" экенин кайталады. Ошондой эле, Израилдин 2024-жылдын 8-декабрынан бери эл аралык укукка, БУУнун Уставына жана 1974-жылдагы Бөлүнүү келишимине каршы келген Сирия аймагына жасаган чабуулдарын айыптады.
Мындан тышкары, уюм Ливандагы кагылышуулардын аяктаганын кубаттап, Ливандын эгемендүүлүгүн колдой тургандыгын билдирди. Ошону менен бирге "UNIFIL (БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрү) кызматкерлерине жана имараттарына жасалган чабуулдарды кескин айыптай турганын" айтып, тынчтык орнотуучу аскерлердин каза болгондугуна байланыштуу Индонезия менен Францияга көңүл айтты.
'Аймактык чыңалуунун күч алышы'
Түрк элчи Йылдыз: "Израилдин эл аралык укукка, эл аралык гуманитардык укукка жана эң негизги аскердик принциптерге карата кылган мамилесинин жазасыз калышы кеңеш тарабынан дароо каралышы керек”,- деди.
Йылдыз ошондой эле Иранды да камтыган аймактык чыңалуунун күчөшү эл аралык тынчтык жана экономикалык туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратып, дүйнөлүк соодага, энергетикага жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
АКШ-Израиль-Иран согушунда "дипломатиянын туруктуу чечимге жетүүнүн жалгыз алгылыктуу жолу" экенине ишенишерин билдирген Йылдыз, Түркиянын АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун мындан ары курчушуна жол бербөө боюнча аймактык актерлордун аракеттерин жана жүрүп жаткан дипломатиялык демилгелер менен диалогду колдой турганын билдирди.
Израиль 2023-жылдын октябрь айында башталган геноцидде Газада 72 500дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар жана балдар түзөт.
Тель-Авив 2-марттан бери Ливанда кеминде 2 534 адамдын өмүрүн кыйып, 7 863 адамды жарадар кылды жана 1,6 миллиондон ашык адамды жер которууга мажбурлады.










