ЭКОНОМИКА
1 мүнөт окуу
Түркиянын туризмден түшкөн кирешеси биринчи чейректе 9,9 миллиард доллардан ашты
Түркиянын туризм кирешеси жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,2% өсүп, 9 миллиард 896 миллион 456 миң долларды түздү.
Түркиянын туризмден түшкөн кирешеси биринчи чейректе 9,9 миллиард доллардан ашты
Түркиянын туризм кирешесинде биринчи чейректе өсүш байкалды. / AA

Түркиянын статистика институту (TÜİK) ушул жылдын январь-март айларына карата туризм статистикасын жарыялады.

Бул статистикага ылайык, туризмден түшкөн киреше өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 4,2 пайызга өсүп, 9 миллиард 896 миллион 456 миң долларды түздү. Бул кирешенин 9 миллиард 694 миллин 574 миң доллары коноктордон, ал эми 201 миллион 883 миң доллары транзиттик жүргүнчүлөрдөн түшкөнү катталды.

Туризмден түшкөн кирешенин 25,6 пайызы чет өлкөдө жашаган түрк жарандарынын өлкөгө келишинен түшкөн.

Коноктор саякаттарын жеке же пакеттик тур менен уюштурушту. Бул чейректе жасалган чыгымдардын 8 миллиард 469 миллион 691 миң долларын жеке чыгымдар, ал эми 1 миллиард 224 миллион 883 миң долларын пакеттик тур чыгымдары түздү.

Бул чейректе коноктордун орточо күнүмдүк чыгымдары 102 долларды түзгөн. Чет өлкөдө жашаган түрк жарандарынын орточо күнүмдүк чыгымдары 72 долларды түзгөн.

Саякатчылардын 55,3 пайызы "саякаттоо, көңүл ачуу, спорттук жана маданий иш-чаралар", 26,8 пайызы "тууган-туушкандары менен досторуна баруу", 8,2 пайызы "соода кылуу" максатында Түркияга келишкен.

Ошол эле мезгилде чет өлкөгө барган түрк жарандарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 13,пайызга өсүп, 2 936 279 адамга жеткен, орточо эсеп менен бир адамга 758 доллар сарпталган.

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү