Билдирүүдө Түркия бул кадамды көптөн бери колдоп келгени баса белгиленип, АКШнын бул чечими менен Сириянын экономикасын калыбына келтирүү жана кайра куруу жолундагы эң чоң тоскоолдуктардын бири жоюлганы белгиленди.
Билдирүүдө бул чечим Сириянын эл аралык коомчулук менен байланышын чыңдоо жана өлкөдө туруктуу коопсуздукту жана туруктуулукту орнотуу аракеттерин тездетет деп эсептелээри кошумчаланып, мындай деп жыйынтыкталды: «Биз эл аралык коомчулукту гүлдөгөн Сирия максатына карай күч-аракетин бириктирүүгө жана бул көз карашка коркунуч келтирген агрессивдүү аракеттерди токтотуу боюнча милдеттерин аткарууга чакырабыз».
АКШнын Каржы министрлиги кечээ Сирия 1979-жылы кошулган «терроризмди колдогон мамлекеттердин» тизмесинен расмий түрдө чыгарылганын жарыялады.




















