ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кытай мене Египет эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдерге кол коюшту
Кытайдын төрагасы Си жана Египеттин президенти Сиси аймактык согушту токтотуу аракеттерин колдоого алгандыгын тастыкташты.
Кытай мене Египет эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдерге кол коюшту
Синин сапары – Кытай президентинин соңку 10 жылда Египетке жасаган алгачкы сапары. / Reuters

Египеттин президенттик аппаратынын билдирүүсүнө ылайык, шаршемби күнү Египеттин президенти Абдель Фаттах ес-Сиси жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Египет менен Кытайдын мекемелеринин ортосундагы келишимдерге жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу аземине катышышты.

Президенттиктин билдирүүсүндө келишимдер жана меморандумдар өнөр жайды өнүктүрүү, инвестиция жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган башка тармактардагы кызматташтыкты камтыганы белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, Сиси эки өлкөнүн "эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, айрыкча өнөр жайды локалдаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү аркылуу өнүктүрүүгө ачык саясий эрки бар" экендигин айтты.

Египеттин лидери эле эки өлкө кайра жаралуучу энергия, автомобиль өндүрүшү, текстиль жана химиялык булалар тармагындагы кызматташтыктын жаңы этабын баштаганын жана Суэц каналынын экономикалык аймагындагы Кытай-Египет өнөр жай аймагында кеңейтүү иштеринин үчүнчү этабы башталганын жарыялаганын билдирди.

Египеттин мамлекеттик Al-Qahera News гезитинин маалыматы боюнча, эки президент аймактагы согушту токтотуу боюнча комплекстүү келишимге жетүү аракеттерин колдой турганын ырасташты.

Си Цзиньпин Пекиндин "Египет менен мамилелерди кеңири горизонтторго кеңейтүүгө даяр" экенин жана "кытайлык компанияларды өлкөгө инвестицияларын көбөйтүүгө жана Египет рыногунан пайдаланууга" үндөөнү улантарын билдирди.

"Анадолу" агенттигинин кабарчысынын айтымында, эки лидер Египеттин борбору Каирде, Аль-Иттихадия сарайында Си Цзиньпиндин урматына өткөрүлгөн расмий тосуп алуу аземинен кийин сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Аземде Египет менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырып, келген президенттин урматына замбиректер атылды.

Си Цзиньпиндин сапары он жылдан бери Кытай мамлекет башчысынын Египетке биринчи сапары болду.

Египет менен Кытай 1956-жылы дипломатиялык карым - катнаштарды түзүп, Египет Кытай Эл Республикасын тааныган биринчи араб жана Африка өлкөсү болгон.

Пекин 1956-жылдагы Суэц кризиси учурунда Каирди колдогон, ал эми Египет Кытайдын 1971-жылы БУУга мүчөлүгүн калыбына келтирүүнү колдогон.

Эки өлкө 1999-жылы стратегиялык өнөктөштүктү түзүшкөн, өнөктөштүк 2014-жылдын декабрында Сисинин Пекинге болгон сапарында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө жогорулатылган.

Иликте
Гирне жээгинде оодарылып кеткен жүргүнчү кемесинин калдыктары табылды
Кытай мене Египет эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдерге кол коюшту
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Зеленский: "Россиянын Украинага кол салууларына каршы дүйнөнүн реакциясы жетишсиз",-деди
Эстониянын жаңы президенти Юлле Мадизе
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола эпидемиясынан 3000ден ашык адам каза болду
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Япония: "Путиндин мамилелердин начарлашына Жапонияны күнөөлөгөнү кабыл алынгыс"
АКШнын Иранга чабуулдарынан кеминде 18 адам каза болду
Азербайжанда курал-жарак кампасында болгон жарылуудан кийин 5000 адам эвакуацияланды
Польшада башталгыч мектептерде телефон колдонууга тыюу салынды
Трамп Иранды сүйлөшүү үстөлүнө тартууга аракет кылууда деген айтымдарды четке какты
Германияда бир темир жол станциясынын жанында жарылуу болду
Израиль аскерлери Батыш Шериада ичинде намаз окулуп жаткан мечитке көздөн жаш агызуучу газ ыргытты
Египет: Синайдагы автобус кырсыгынан 16 адам каза болду