Израиль армиясынын ок атышпоого карабастан Газа тилкесине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 9 киши каза болду.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Израилдин 2023-жылдын октябрынан бери Газага жасаган кол салууларында каза болгондорго байланыштуу акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.
Ок атышпоого карабастан Израилдин кол салуулары уланган Газада акыркы 24 саатта бири мурда жараланган 9 кишинин каза болгону, 31 кишинин болсо жаракат алганы белгиленди.
Газада ок атышпоо келишими күчүнө кирген 2025-жылдын 10-октябрынан бери 1431 кишинин каза болгону, 5 миң 26 кишинин жараланганы, урандылардын астынан 834 кишинин сөөгү чыгарылганы маалымдалды.
Израилдин 2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун жалпы саны 74 миң 32ге, жаралуулардын саны 175 миң 142ге жеткени билдирилди.
Газа тилкесинде урандылардын астында дагы деле миңдеген сөөктөрдүн бар экени айтылууда.




















