ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Грек депутаты 2024-жылы Түркия согуштук кемелерин жөнөткөндө артка чегингендерин мойнуна алды
"Биз деңиз түбүн изилдөөнү уланткан жокпуз".
Грек депутаты 2024-жылы Түркия согуштук кемелерин жөнөткөндө артка чегингендерин мойнуна алды
Грек депутаты: "Түрк согуштук кемелерин көргөндө артка кадам таштадык"

Грецияда бийликтеги Жаңы демократия партиясынын мүчөсү Анжелос Сиригос 2024-жылы Түркиянын уруксатысыз жүргүзүлгөн Греция-Түштүк Кипр Рум электр энергиясын бириктирүү долбооруна байланыштуу Криттин жанындагы деңиз түбүн изилдөөлөрдө Түркиянын согуштук кемелери аймакка баргандан кийин эки жолу артка чегингендерин мойнуна алды.

Сиригос бул сөздөрдү ERT News каналындагы программада 2024-жылдын июль жана ноябрь айларындагы окуяларга комментарий берип жатып айтты.

Түркиянын 2024-жылдын июль айында аймакка беш согуштук кеме, андан кийин ноябрь айында кайрадан согуштук кемелерин жөнөтүүсүнө карата Грециянын реакциясы тууралуу Сиригос: "Эки окуяда тең артка чегиндик. Биз деңиз түбүн изилдөөнү уланткан жокпуз", - деп билдирди.

Алып баруучунун: "Биз артка чегиндикпи?" - деп суроосуна "ооба" деп жооп берген Сиригос Афина ошол учурда бул маселени диалог аркылуу жана суу астындагы кабелдерди төшөөгө байланыштуу эл аралык укуктун алкагында чечүүгө болот деп эсептегенин айтты.

Сиригос кабел төшөө иштери мурда ошол эле чоң деңиз аймагында олуттуу көйгөйлөрсүз жүргүзүлгөнүн, ошондуктан азыркы долбоор да ушундай жол менен улана берери болжолдонгонун, бирок бул ирет андай шарттар жок экенин билдирди.

Кабель иштери үчүн Түркиядан уруксат суралбай турганын, бирок бул жолу француз изилдөө кемеси түрк тарабына маалымат бере аларын айткан Сиригос, Түркияга маалымат берүү уруксат суроо болуп саналбай турганын кошумчалады.

Иликте
Дания Кансыз согуштан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат
Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду
Орусия: "Украинадагы логистикалык жана байланыш борборлору менен бир кемеге сокку урдук"
Трамп: Түштүк Корея АКШдагы энергетикалык долбоорлоруна 200 миллиард долларлык инвестиция салат
Улуттук Чалгындоо Уюму  Рейханлыдагы кол салуунун аткаруучусун кармады
Израилдин чабуулдарында каза болгон 105 палестиналык менен коштошуу аземи өттү
Кремль туткундарды алмашуу үчүн санкциялар сүйлөшүлүп жатат деген дооматтарды четке какты
Польшада 86 миңден ашык баш калкалоочу жай жаңы белгилер менен белгиленет
Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынына байланыштуу билдирүү жарыяланды
Сириянын Хама облусунда микроавтобуска кол салуудан жети адам каза болду
Жандармериянын ата мекендик роботтору TEKNOFEST  иш-чарасында көрсөтүлдү
Түрк коргоо өнөр жайынын компаниялары Азербайжанда 500 миллион долларлык келишимдерге кол коюшту
Катардын тышкы иштер министри египеттик кесиптеши менен аймактык көйгөйлөрдү талкуулады
Танкерде бир нече ай бою барымтада кармалган египеттик сегиз моряк бошотулду
Германия Түштүк Судандагы БУУ миссиясында кызмат өтөгөн аскерлеринин мөөнөтүн узартты