«Адам баарын айтып түшүндүрө албайт, түшүндүрүүгө сөз жетпейт”
Француз жазуучу жана акын Луи Арагон «Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян» деп баа берген Жамийла” повестинин автру, түрк дүйнөсүндө кыргыздарын үнүн романдары менен угузган Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенине 18 жыл болду.
Анын чыгармаларынын негизин кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы, каада-салты, жомоктору, уламыштары жана элдик ырлары түзөт.
Атасы тууралуу атууга өкүмү чыгарылган…
Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Талас облусунун Кара - Буура районундагы Шекер айылында туулган. Ал төрт балалуу үй-бүлөнүн тун уулу болгон.
Атасы Төрөкул Айтматов мамлекеттик кызматкер болгондуктан башталгыч билимин Москвада ала баштайт. Атасы Төрөкул Айтматовго режим тарабынан айып тагылгандыктан билим алууну токтотууга аргасыз болот.
Төрөкул Айтматовдун 1937 - жылы кыргыз тилин коргогону үчүн орус лидери Сталин тарабынан “эл душманы” деп жарыяланат. Ушул себептен ал үй-бүлөсүнөн ажыратылып, атууга өкүм кылынган. Айтматовдор үй-бүлөсү атасынын каза болгонун дээрлик 20 жылдан кийин билишкен.
"Адамдын тагдырын калыптандырган жер"
Төрөкул Айтматовдун камакка алынышы үй-бүлөнү Москвадан Шекер айылына кайтууга мажбур кылган. Шекер айылы Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда "адамдын тагдырын калыптандырган" жер болгон.
Жазуучунун чоң энеси Айымкан менен Каракыз апа Чыңгызга жомокторду, уламыштарды, кошок жана элдик ырларды айтып беришкен. Бул баяндар жөн гана аңгеме болуп калбастан, Чыңгыздын жаралуу балалык дүйнөсүн да дарылаган.
Айтматов үй-бүлөсү 1938-жылы Кировское айылына көчүп барышкан. Чыңгыз билим алуусун ошол жердеги орус мектеп-интернатында уланткан.
Экинчи дүйнөлүк согуштун эң оор мезгилинде (1942-жылы) окуусун убактылуу токтотуп, колхоздо катчы жана салык жыйноочу болуп иштеген Айтматов согуштун адамдарга алып келген терең кайгысына өз көзү менен күбө болгон. Согуштан кийин Зооветеринардык техникумга тапшырып, ал жердеги мугалимдеринин багыттоосу менен орус классиктерин окуп, аңгеме жазууга киришет. Ал жогорку билимин 1953-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтунан аган.
Адабият жолуна чыгышы жана “Жамийла”
Алагчкы аңгемеси «Гезитчи Дзюйо» 1952 - жылы “Правда” гезитинде жарык көргөн. Анын .жазуучулук таланты көңүлдөрдү буруп, Москвадагы Горький атындагы Адабият институтуна чакырылат.1958-жылы жазган "Жамийла" повести советтик адабий чөйрөлөрдө талаш-тартыш жаратса да, француз жазуучусу Луи Арагон тарабынан "дүйнөдөгү эң кооз сүйүү баяны" деп баа берилип, француз тилине которулгандан кийин Айтматовдун аты дүйнөгө таанылды.
Сталиндин өлүмүнөн кийин
Сталиндин өлүмүнөн кийин жаралган саясий эркиндик мезгилинде "Новый мир" журналында редактор жана "Правда" гезитинде кабарчы болуп иштеген Айтматов өзүнүн адабий ийгиликтерин жогорку деңгээлге көтөргөн. Ал 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн СССРдин эң жогорку сыйлыгы болгон Лениндик сыйлыкка татыктуу болсо, 1968-жылы "Кыргыз ССРинин эл жазуучусу" наамы менен сыйланган. 1983-жылы "Кылым карытар бир күн" романы менен Экинчи жолу Улуу Советтик адабият сыйлыгын, ошондой эле Пабло Неруда сыйлыгын алган жазуучу, маданият комитетинин төрагалыгы жана депутаттык сыяктуу административдик кызматтарды аркалаган. Саясий жана дипломатиялык карьерасында ЮНЕСКОнун өкүлү болуп иштөөдөн тышкары, СССР, Россия жана Кыргызстандын атынан Люксембург, Нидерландия жана Бельгияда элчилик кызматтарын аткарган.
Дүйнөдөн кайтышы
Айтматов 2008-жылы 10-июнда “Кылым карытар бир күн” романын киного тартуу үчүн барган Татарстанда капысынан ооруп калып, дарылануу үчүн алып барылган Германияда ооруканада дүйнөдөн кайткан. Залкар жазуучунун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Бишкектеги "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлган.
Адабий дүйнөсү жана өзгөчөлүгү
Эки тилде тең эркин жазган Айтматов чыгармаларын алгач кыргыз тилинде жаратып, кийин орус тилине которсо, акыркы жылдары оболу орус тилинде жазып, андан соң кыргыз тилине которулган. Кыргыз элинин тагдырын, кыйынчылыктарын жана бай маданиятын бүткүл дүйнөгө тааныткан жазуучу өзүнүн философиясын: "Адам баарын айтып бере албайт, баарын айтып берүүгө сөздүн жетиши да мүмкүн эмес”,- деген сөз менен жыйынтыктаган.
Негизги чыгармаларынын айрымдары : “Жамийла”, Биринчи мугалим”, “Кызыл жоолук жалжалым”, "Саманчынын жолу", "Ак кеме", "Кылым карытар бир күн", "Кыямат”, "Гүлсарат".


















