МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
23-Мамлекеттик түрк искусствосу сынагы башталууда
Катышуу үчүн арыздар 20-августтан 15-октябрга чейин "gorselsanat.ktb.gov.tr" дареги аркылуу онлайн режиминде кабыл алынат.
23-Мамлекеттик түрк искусствосу сынагы башталууда
23-Мамлекеттик түрк искусствосу сынагы башталууда

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Жаңы Түркия билим берүү фондунун (YETEV) салымы менен уюштурулган 23-Мамлекеттик түрк искусствосу сынагы башталууда.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, сынактын максаты түрк искусствосун колдоо жана бул тармакта жаңы таланттарды ачып чеберлерди салтка таянуу менен оригиналдуу чыгармаларды жаратууга үндөө болуп саналат.

Сынак жети категория боюнча өткөрүлөт: каллиграфия, жарыктандыруу, көркөм сүрөт, эбру, фарфор менен иштөө, калем менен кооздоо жана оюп кесүү. Сынактан кийин калыстар тобу тарабынан тандалган чыгармалардын көргөзмөсү уюштурулат.

Ар бир категориядагы ийгилик сыйлыгына татыктуу деп табылган үч чыгарманын ээлери 80 000 түрк лирасы, ал эми көргөзмөгө тандалган 42 чыгарманын ээлери 25 000 түрк лирасы жалпысынан 2 миллион 730 000 түрк лирасынан байге алышат.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 20-августтан 15-октябрга чейин "gorselsanat.ktb.gov.tr" сайты аркылуу онлайн режиминде берилет. Сынактын эрежелери жана толук маалыматы менен ошол эле даректен таанышууга болот.

Иликте
Мексикадагы тропикалык бороон-чапкындын кесепетинен алты адам каза болду
Орусия: "Украинанын Киев жана Харьков облустарындагы энергетикалык инфраструктурага сокку урдук"
АКШнын расмий өкүлдөрү миграциялык иликтөөнүн алкагында Илхан Омардын туугандарын суракка чакырды
АКШнын президенти Трамп: "Иранга көргүлүктү көрсөтөбүз"
Палестинанын жерлерин басып алган израилдиктер Батыш Шериада мечитти жана бир унааны өрттөштү
Бельгиянын Льеж шаарында полициянын зомбулугуна каршы акция өттү
Сириянын Хама шаарында куралдуу кол салуудан 4 коопсуздук кызматкери каза болду
Трамп Тайвандын Аляскадагы жаратылыш газын иштетүүчү заводунун 30%ын 20 жылга сатып аларын жарыялады
Француз парламенти сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Максим Прево: Түркия Европанын стратегиялык көз карандылыгын азайтууга жардам бере алат
Индиянын Бихар штатында кайык оодарылып, кеминде 13 бала чөгүп кетти
Араб коалициясы: "Сауд Арабиясынын Аль-Харж провинциясында хуситтердин канаттуу ракетасы тосулду"
Иран: "Оман менен Ормуз кысыгы боюнча зарыл болгон макулдашууга жетиштик"
Президент Эрдоган: "Түркия, Сауд Арабиянын жанында"
Араб коалициясы: "Сауд Арабиянын борбор шаары Рияддын түндүгүндө үч дронду атып түшүрдү"