Израиль бийлиги ислам дүйнөсүндөгү үчүнчү ыйык жер болгон Акса мечитинде жума намазын окууга төрт жума катары менен тыюу салды. Аймакты февраль айынын аягынан бери Иран менен уланып жаткан согушка байланыштуу «коопсуздук шарттарын» негиз катары көрсөтүп жапакан.
Израиль полициясы мечиттин дарбазаларын жаап, намаз окугандардын короого кирүүсүнө жол бербөө үчүн оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Эски шаарга күчтөрүн жайгаштырган.
Жетекчилер согуш башталгандан кийин Ички фронт командирлигинин көрсөтмөлөрүнө таянып, элдин көп чогулушуна тыюу салынганын билдиришти.
Ошол күндөн бери ал жерге кирүү күзөтчүлөр жана мечитти көзөмөлдөгөн Ислам фондунун мүчөлөрүнө гана чектелген.
Израилдин бийлик органдары ошондой эле христиандардын эң ыйык жайы болгон Ыйык Кабырча чиркөөсүн да жапты.
Күбөлөрдүн «Анадолу» агенттигине берген маалыматына караганда, полиция Салах ад-Дин көчөсү баш болгон Эски шаардын дубалдарына жакын жерлерде палестиналыктардын намаз окуусуна тоскоолдук кылган.
Ибадатканалар жабык болгондуктан, элге Акса мечитине мүмкүн болушунча жакын жерлерде намаз окуу чакырыктары ташталган, бирок палестиналыктар шаардагы кичинекей мечиттерде намаз окууга мажбур болушту.
Шаршемби күнү Израил өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин апрель айынын ортосуна чейин узартты. Бирок ыйык жайдын ал күнгө чейин ачылып же ачылбашы белгисиз,
Иран менен кагылышуу башталгандан кийин Израил коопсуздук негизи менен Акса мечитин жапкан.
Иран буга жооп катары Израилди жана аймактагы АКШнын объектилерин көздөй ракета жана дрондор менен чабуул жасаган.
Израиль бул жылы Израилдин 1967-жылы Чыгыш Кудсту оккупацияга алгандан бери биринчи жолу Акса мечитинде Орозо айт намазынын окулушуна да тыюу салды.
Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн айыптоолоруна карабастан, Израиль бийлиги мечитти кайра ачуудан баш тартууда. Чыгыш Кудустагы ибадат кылуучулар бул чектөөлөрдү негизсиз жана саясий максатты көздөп жатканын айтышууда.












