Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын шейшемби күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштар менен бирге аймактык темалар каралды.
Президент Эрдоган Анкара менен Еревандын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу процесси эки өлкөнүн ортосунда түз сооданы баштоого багытталган кадамдар аркылуу уланып жатканын билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пашинян президент Эрдоганды жакында эле өткөн Курман айт майрамы менен куттуктады.
Эрдоган Анкаранын өз аймагында тынчтык жана туруктуулук үчүн иштеп жатканын айтып, Түркиянын бул багыттагы кадамдарды ар дайым колдой турганын баса белгиледи.
Нормалдашуу процессинде ташталган кадамдар
Армян күчтөрүнүн Карабах жана айланасындагы Азербайжандын аймактарын басып алуусунан кийин Анкаранын чек араны жаап жана карым - катнаштарды үзүүсү менен Түркия жана Армениянын ортосунда 1993-жылдан бери дипломатиялык же соодалык байланыш жок болчу.
2020-жылдагы Карабах согушунан кийин кайрадан башталган жана 2022-жылы расмий түрдө уланган нормалдаштыруу процесси; Стамбул менен Еревандын ортосунда Түрк аба жолдорунун түз каттамдарын баштоо, дипломатиялык паспорт ээлери үчүн виза жеңилдиктери жөнүндө келишим жана түз соода үчүн бюрократиялык даярдыктарды аяктоо сыяктуу бир катар ишенимди бекемдөөчү чаралар менен улантылды.
Түркиянын Ыгдыр облусун Армениянын Армавир облусу менен байланыштырган Алижан-Маргара чек ара өтмөгүндөгү курулуш иштеринин болжол менен 90 пайызы аяктады. Андан тышкары, эки тарап тең жалпы чек ара боюнда жайгашкан тарыхый Ани көпүрөсүн калыбына келтирүү боюнча макулдашты; дипломаттар бул кадамды символикалык жана реалдуу жетишкендик катары мүнөздөшүүдө.


















