Тышкы иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, министр Фидандын эртең Индонезияга жасай турган расмий сапарынын алкагындагы жолугушууларда, лидерлер деңгээлинде ортого салынган өз ара саясий эрктин негизинде эки тараптуу кызматташтыкты бардык тармактарда дагы өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдардын талкууланышы күтүлүүдө.
Министр Фидан эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард доллар деңгээлине жеткирүү үчүн инфраструктура, энергетика, транспорт, санариптештирүү, жасалма интеллект, жогорку технология жана адал тамак-аш сыяктуу секторлордогу өнөктөштүктү тереңдетүү зарылдыгына көңүл бурат. Бул сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн коргонуу өнөр жайы тармагындагы долбоорлорунун учурдагы абалы жана келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралары күтүлүүдө.
Жолугушууларда Фидандын Газадагы окуялар боюнча тыгыз кеңешип жаткан Түркия менен Индонезиянын Палестинада адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен аракеттерин уланта турганын билдириши күтүлүүдө. Ошондой эле баскынчы Израилдин Газадагы ок атышууну токтотуу режимин бузуулары, Батыш Шериктештик менен Чыгыш Иерусалимдеги чагымчыл аракеттери жана Ливандагы оккупациясын кеңейтүүсүнө каршы эл аралык коомчулукту мобилизациялоого багытталган биргелешкен аракеттерди чечкиндүүлүк менен улантуу өтө маанилүү экенин баса белгилейт.
Мындан сырткары, Иран жана Ормуз кысыгындагы кырдаал, Сирия, Россия - Украина согушу, Сомали, Судан жана Ливия менен катар Азия-Тынч океан аймагындагы глобалдык жана аймактык коопсуздукка тиешелүү окуялар тууралуу пикир алмаша турган министр Фидан, Түркия менен Индонезиянын Бириккен Улуттар Уюму, G20, Ислам Кызматташтык Уюму, АСЕАН, МИКТА жана D-8 сыяктуу көп тараптуу платформалардагы кызматташтыгын да күн тартибине алып чыгат.
Фидан акыркы жолу Президент Режеп Таййип Эрдогандын коштоосунда 2025-жылдын 11–12-февралында Индонезияга барган.

























