Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын борбору Киев менен Одесса облусундагы логистикалык жана байланыш борборлоруна, ошондой эле жүк ташуучу кемеге пилотсуз учуучу аппараттар менен сокку урганын жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө орус аскерлери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында колдонулган логистикалык жана байланыш борборлору менен деңиз кемелерине чабуулдарын улантып жатканы маалымдалды.
Түнкүсүн жасалган дрон чабуулдарынын натыйжасында Киевдеги "Renta Logistic" компаниясына таандык транспорттук жана логистикалык борборго сокку урулганы, ал жердеги кампада капитансыз деңиз унааларын чыгаруучу ишкана жайгашканы белгиленди.
Одессада болсо Украина армиясынын чалгындоо жана башка кызматтык маалыматтары иштетилген "Хостинг-уа" маалымат борборуна чабуул жасалганы кабарланган билдирүүдө Одессадагы Черноморск портунда украин армиясы үчүн аскердик техникаларды жана кош максаттагы жүктөрдү ташыган жүк ташуучу кеме да бутага алынганы айтылды.






















