ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Анкара Украина-Россия согушунун Кара деңизде жараткан коркунучтарын "тыкыр" көзөмөлдөөдө
Актүрк: "Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согушта көп колдонулган капитансыз cуу астындагы унаа жана дрондордун көзөмөлдү жоготушу же кыймылдоо жөндөмүн жоготушунан улам пайда болгон тобокелдиктер тыкыр көзөмөлгө алынууда",- деди.
Анкара Украина-Россия согушунун Кара деңизде жараткан коркунучтарын "тыкыр" көзөмөлдөөдө
Актүрк АКШ, Израил жана Иран катышкан жаңжал Жакынкы Чыгыштагы тынчтык менен туруктуулукка коркунуч туудурууну улантып жатканын баса белгиледи. / AA
12 саат мурун

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз катчысы контр-адмирал Зеки Актүрк 2026-жылдын 21-мартында Орду облусунун Үнйе районуна жакын жерде АКШдан чыккан капитансыз суу астындагы унаанын SAS командирлиги тарабынан коопсуз түрдө жок кылынганын айтты.

Актүрк: «Россия менен Украинанын ортосундагы согушта кеңири колдонулган капитансыз суу астындагы унаа жана дрондордун башкаруусун жоготушу же кыймылдоо жөндөмүнөн ажырашынын натыйжасында Кара деңизде жараткан тобокелдиктери тыкыр көзөмөлдөнүүдө», — деди.

Мындай кырдаалда сак болуу керектигин айткан Актүрк, өзгөчө балыкчыларды жана деңизчилерди, ошондой эле бардык жарандарды кылдат болууга чакырды. Жээкке чыккан кандайдыр бир шектүү объект же дрон тууралуу бакытты коротпостон дароо коопсуздук кызматтарына кабар берүү зарылдыгын белгиледи.

Актүрк Деңиз күчтөрү командирлигине караштуу бөлүктөр Кара деңиздеги деңиз юрисдикция аймактарын коргоо максатында 24 саат бою чалгындоо, байкоо жана кайгуул иштерин улантып жатканын айтып, навигация коопсуздугуна коркунуч келтирбөө боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп, керектүү эскертүүлөрдүн берилгенин кошумчалады.

Багдадда жайгашкан НАТО миссиясындагы түрк аскерлери эвакуацияланды

Актүрк ошондой эле аймактагы акыркы окуяларга байланыштуу НАТО жетекчилиги тарабынан "НАТОнун Ирактагы миссиясын" токтотуу чечими кабыл алынганын билдирип, Түрк куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамын эвакуациялоо иши "ийгиликтүү" аяктаганын айтты.

«НАТО тарабынан ишке ашырылып жаткан чегинүү планынын алкагында, өнөктөш өлкөлөрдүн кызматкерлерин эвакуациялоо иштерине биздин өлкө тарабынан да колдоо көрсөтүлдү», — деген Актүрк, түрк куралдуу күчтөрү кеңири географиялык аймакта тынчтыкты орнотууга жана туруктуулукту сактоого өз салымын кошууну улантып жатканын баса белгиледи.

Израилдин аймактагы зомбулугу жарандарга оор жүк алып келүүдө

Актүрк АКШ, Израиль жана Иранды камтыган кагылышуулар, ошондой эле Израилдин агрессиясы Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч келтирүүнү улантып жатканын баса белгиледи.

Түркиянын позициясын билдирүү менен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырган Актүрк, пикир келишпестиктер эл аралык укуктун негизинде диалог жана дипломатия жолу менен чечилиши керектигин айтып: «Израилдин Ливандагы инфраструктураны, жарандык объектилерди жана конуштарды бутага алган чабуулдары жарандар үчүн оор кесепеттерди алып келүүдө жана эл аралык гуманитардык укукту бузууда. Литани дарыясынын түштүгүнө жасаган кургактыктагы операциясы жана дарыядагы көпүрөлөрдү жок кылышы — алдыдагы мезгилде Ливанга карата жүргүзө турган оккупациялык саясатын көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, Израилдин Сириянын түштүгүндөгү аракеттери өлкөнүн эгмендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууда. Батыш Шериада мыйзамсыз конуштардын көбөйүшү жана зордук-зомбулук окуялары аймактагы аялуу абалды ого бетер курчутууда. Туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн "эки мамлекеттүү чечимди" ишке ашыруу жана палестиналыктардын негизги укуктарын коргоо өтө маанилүү. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукту аймактагы өсүп жаткан мыйзам бузуулардын алдын алууга жана эл аралык укуктун натыйжалуу колдонулушу үчүн жоопкерчилик алууга чакырабыз».

Иликте
АКШ армиясы Кариб деңизинде кемеге кол салып, 4 адамдын өмүрүн алды
Хакан Фидан аймактагы согушту токтотуу үчүн кесиптештери менен тыгыз байланышта
Түркия менен Улуу Британия жаңы Eurofighter колдоо келишими менен коргонуу мамилелерин тереңдетүүдө
Пакистанда Иран менен АКШнын ортосундагы кеңири сүйлөшүүлөр күтүлүүдө
Нефть баасы төмөндөдү, Иран согушунун басаңдашына  байланыштуу  үмүт  акциялардын баасын көтөрдү
Ирактагы аскердик базага абадан кол салуу: 7 адам каза болуп, 13 адам жаракат алды
АКШда Meta компаниясына 375 миллион доллар айып пул салынды
Израиль камактагы палестиналыктар үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууга бир кадам жакындады
Индия Кашмир каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Асия Андрабини өмүр бою эркинен ажыратты
Трамптын сүйлөшүү чакырыктарына карабастан Иран аймактагы ракеталык чабуулдарын күчөттү
Тынчтык кеңешинин атайын өкүлү Газадагы кырдаалдын "абдан оор" экенин эскертти
Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Ж.Д. Вэнсти жактырганы айтылууда
Иран АКШ менен Израилди кошпогон аймактык аскердик альянс түзүү үчүн аракет кылууда
Эрдоган менен Аль Тани телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Иран АКШ менен Израилдин чабуулунда "Бушер" атомдук станциясына кол салуу болгонун билдирди