Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Түркия, Джибути, Индонезия, Иордания, Палестина, Катар, Ливан, Мавритания, Египет, Пакистан, Сомали, Судан, Сауд Арабиясы, Оман жана Йемендин тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.
Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылды:
«Түркия Республикасынын, Джибути Республикасынын, Индонезия Республикасынын, Иорданиянын Хашимит Падышачылыгынын, Палестина мамлекетинин, Катар мамлекетинин, Ливан Республикасынын, Мавритания Ислам Республикасынын, Египет Араб Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Сомалинин Федеративдик Республикасынын, Судан Республикасынын, Сауд Арабия Падышачылыгынын, Оман Султандыгынын жана Йемен Республикасынын тышкы иштер министрлери Сомалиленд деп аталган аймактын Кудста «элчилик» ачуу боюнча мыйзамсыз жана кабыл алынгыс кадамын кескин айыпташат».
Бул кадам эл аралык укукту жана тиешелүү эл аралык резолюцияларды ачык бузуу, ошондой эле басып алынган Кудстун укуктук жана тарыхый статусун түздөн-түз бузуу болуп саналаары айтылган билдирүүдө «Тышкы иштер министрлери ошондой эле басып алынган Кудстагы мыйзамсыз кырдаалды тереңдетүүгө же эл аралык укукка жана Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү резолюцияларына карама-каршы келген кандайдыр бир түзүмдү же келишимди мыйзамдаштырууга багытталган ар кандай бир тараптуу аракеттерди кескин четке кагышаарын кайталашат», - деп баса белгиленди.
Билдирүүдө министрлер Чыгыш Кудстун 1967-жылдан бери оккупацияланып келе жаткан Палестина аймагы экенин, анын укуктук жана тарыхый статусун өзгөртүүгө болгон ар кандай аракеттин жараксыз экенин кайталагандарын; андан тышкары, алар Сомалинин биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толук колдой тургандыктарын, Сомалинин аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген же анын эгемендүүлүгүн бузган бардык бир тараптуу аракеттерди кескин четке кага тургандыктарын баса белгилешти.















