Фес шаарынын прокурору бейшемби күнү төрт кабаттуу имарат түн ичинде кулап, тогуз адамдын каза болгонун жана көп сандаган адамдардын жаракат алганын кабарлады.
Калк жыш жайгашкан райондогу имараттардын тургундарынан сактык чарасы катары үйлөрүнөн чыгып кетүүү суралды. Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Аль-Оула мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, 1980-жылдары курулган имараттын урандыларынын алдынан түшкө чейин алты адам куткарылды.
Сегизинчи кылымга чейин созулган тарыхы менен өлкөнүн борбору жана үчүнчү чоң шаары Фес акыркы айларда ушул сыяктуу окуяларга күбө болду; декабрь айында да эки имарат кулап, 22 адам каза тапкан. 2010-жылы болсо Марокконун түндүгүндөгү тарыхый Мекнес шаарында мунара кулап, 41 адам көз жумган.
Турак жай министри Адиб Бен Ибрагим өткөн жылы өлкө боюнча болжол менен 38 800 имарат кулап калуу коркунучунда турганын айткан.












