Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркиялагы делегациясынын башчысы элчи Айво Орав ЕБ менен Түркиянын ортосундагы мамилелер Анкара жана Брюссель менен гана чектелбестигин айтты.
Ар кандай программаларга катышуу үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин айрым элчилери менен бирге шаарга барган Орав Трабзондун губернатору Тахир Шахин менен анын кеңсесинде кезикти.
Сапардан кийинки билдирүүсүндө элчи Орав Трабзондо Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин элчилери менен бирге абдан жылуу тосуп алынганын айтты.
Орав Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы мамилелер Анкара жана Брюссель менен гана чектелбестигин баса белгилеп, төмөнкүдөй баа берди:
«Бул мамилелер шаарлардын, ишканалардын, коомчулуктардын жана адамдардын ортосунда жүргүзүлүүдө. Карым-катнаштарыбыз да абдан өзгөчө. Айрыкча Түркия Европа Биримдигине талапкер өлкө болгондуктан жана учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам өтө өзгөчө мамиле деп айта алабыз. Ошондуктан Түркия Европа Биримдигине, Европа Биримдиги да Түркияга муктаж. Биз соодадан баштап энергетикага, климатка жана аймактык кызматташтыкка чейинки көптөгөн жалпы кызыкчылыктарды бөлүшөбүз».






















