Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп Тель-Авив менен Хизбулланын ортосундагы ок атышпоодон сөз кылганына карабастан армия Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарын уланта берерин билдирди.
"Йедиот Ахронот" гезитинде жарыяланган билдирүүсүндө Нетаньяху: "Мен бүгүн кечинде президент Трамп менен сүйлөшүп, эгер Хизбулла биздин шаарларга жана жарандарга кол салууну токтотпосо, Израиль Бейруттагы террористтик буталарга сокку урарын айттым. Биздин позициябыз өзгөргөн жок. Ошол эле учурда армия Ливандын түштүгүндө пландаштырылгандай ишин улантат", - деди.
Трамп дүйшөмбү күнү Израиль менен Хизбулла бири-бирине кол салууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин айтты.
Израилдин маалымат каражаттары буга чейин Нетаньяху менен Трамп Ливандагы жана Ирандагы кырдаалды талкуулоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлашкан.
Ирандын маалымат каражаттары мурда Тегеран Ливандагы Израиль чыңалуусунан улам Вашингтон менен кабар алмашууну токтотконун маалымдаган.
Израилдин мамлекеттик KAN телеканалы Израилдин дүйшөмбү күнү эртең менен Бейруттун түштүк чет жакаларына сокку урууга ниеттенгенин, бирок АКШнын кийлигишүүсүнөн улам бомбалоону кийинкиге калтырууну чечкенин билдирди.













