ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Ыйык жерлерде ажылык ибадатын аткаруу үчүн барган 1,7 миллиондон ашуун мусулман ажы болду.
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Мусулман ажылары жыл сайын өтүүчү ажылык учурунда Масжид аль-Харамда багымдат намазын окушууда. (Reuters)

Арафат тоосунда вакфага туруп (сыйынып), андан кийин автобустар менен Муздалифага барган ажылар бул жерде намаз окуп, вакфа дубасын кылгандан кийин шайтанга таш ыргытуу үчүн таш чогултушту.

Мусулмандар түн ортосунан тартып топ - тобу менен болжол менен 3,5 километрдик жолду басып өткөн Жамараттагы шайтанга таш ыргытуу аймагында чоң шайтан деп аталган "Акабе жамаратына” 7 таш ыргытышты.

Шайтанга таш ыргытуудан кийин кайрадан жөө барган Каабада зыярат тавафы жана саъйни аткарган мусулмандар чачын кыргандан кийин ихрамдан чыгышты.

Ушундайча милдеттерин аткарган мусулмандар ажы болушту.

Ихрамдан чыккан кээ бир ажылар болсо майрам убагында зыярат тавафын жана саъйди улантышат.

Кызматкерлер жана кайрымдуу кишилер тамак - аш таратышты

Арафаттан Каабага чейинки жол жүрүшүндө зыяратчыларга жол бою кызматкерлер жана кайрымдуу кишилер тарабынан суу, курма жана тамак-аш берилип турду.

Ошол эле учурда, зыяратчылар айт майрамынын экинчи жана үчүнчү күндөрү шайтанга таш ыргытуу ырым-жырымын улантышат.

Жамарат аймагына топ-топ болуп барган зыяратчылар айт майрамынын экинчи жана үчүнчү күндөрү Муздалифа аймагынан чогултулган жетиден ташты кезеги кичине, орто жана чоң шайтанга ыргытышат.

Шайтанга таш ыргыткандан кийин, зыяратчылар Меккеден чыгып, коштошуу тавафын (Таваф аль-Вада) аткаруу үчүн Каабага барышат.

Иликте
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты
Түркия Ахалкалаки-Карс темир жолунун Арменияга ачылышын кубаттайт
Түркия космостук технологиялар жаатында түрк мамлекеттери менен өнөктөштүккө карай кадам таштады
Израиль Трамптын Иран менен чектелген келишимге ыкташы мүмкүн экенинен кооптонууда
8-Этноспорт маданий фестивалында акыркы күндүн иш-чаралары башталды
Орусия Украинага баллистикалык ракеталар менен катуу чабуул жасады
Президент Эрдоган телефон дипломатиясын жүргүзүүдө