Ким Чен жаңы ачылган ядролук материалдарды өндүрүүчү жайга барган учурда узак мөөнөттүү өндүрүш пландары жөнүндө маалымат алды.
Өлкөсүнүн ядролук материалдарды өндүрүү кубаттуулугуна баа берген Ким Чен Түндүк Кореяда курал-жарак өндүрүүдө колдонулган ядролук материалдарды өндүрүү кубаттуулугу беш жыл мурункуга салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйгөнүн айтты.
СУНУШТАЛАТ
Ким өлкөнүн "ядролук согуш сестентүүсүн" сапаттык жана сандык жактан күчөтүү зарылдыгы өсүп жатканын билдирди.
Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) Кимдин центрифуга залы деп эсептелген кууш коридорлор аркылуу басып бара жатканда тартылган фотосүрөттөрүн жарыялады.


















